Кыргызстанда экинчи күн катары менен COVID-19 жаңы учуру катталган жок
Дагы 9 кыргызстандык айыгып чыкты
Кыргызстанда коронавирус жуктурган бир дагы учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда 200 968 учур катталды.
Ошол эле учурда COVID-19 инфекциясынан 132 бейтап ооруканаларда, 41 адам амбулатордук түрдө дарыланууда. Бир сутка ичинде 9 адам айыгып чыкты: Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 5.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз