Кыргызстан калкты жана турак-жайды каттоонун контролдук раундунун мөөнөтүн узартууну чечти
Муну эл каттоо учурунда үйдө жок болгон кыргыздар өздөрү сунуштаган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын калкын жана турак-жай фондусун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети Кыргыз Республикасынын бардык аймагында калкты жана турак жай фондусун каттоонун биринчи этабын өткөрдү.
«2022-жылдын 4-6-апрелине чейин контролдук кыдыруу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө өлкөнүн 800дөн ашык тургуну 1216 ишеним телефону, ошондой эле массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу кайрылышкан. Жалпысынан 2000ден ашык арыз катталган», - деди Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов.
Ал кошумчалагандай, ишеним телефонуна кайрылуунун негизги темасы эл каттоо маалында үйдө жок болгондугуна байланыштуу жарандардын эл каттоону кайра өткөрүү сунуштары болду. Ошондой эле жарандар эл каттоого өз убагында катыша албай калган башка себептер да айтылды. Алынган маалымат арыз бергендерди эсепке алуу үчүн аймактык статистика органдарына жөнөтүлдү.
Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев белгилегендей, калкты каттоонун негизги максаты - калктын саны жөнүндө реалдуу жана так маалыматтарды алуу.
«Биз республиканын ар бир жаранынын маалыматтарын эске алуубуз жана контролдук кыдырууну үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин узартышыбыз керек», - деди Арзыбек Кожошев.
Натыйжада, Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарында калкты жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлөт. Ошол эле учурда биринчи этапта кандайдыр бир себептер менен эл каттоодон өтпөй калган адамдар үчүн контролдук каттоо өткөрүлөт.
1216 номери аркылуу “Ишеним телефону” эл каттоодон өтпөй калгандардын арыздарын кабыл алууну улантат. Кошумчалай кетсек, 0502 159 815 жана 999 183 020 WhatsAppт номурларына кайрылсаңыздар болот.
Жыйындын соңунда Арзыбек Кожошев республиканын калкын эл каттоого активдүү катышууга чакырды.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы