Кыргызстанда акыркы суткада СOVID-19 инфекциясынын жаңы учуру катталган жок
Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы штаммдарды чет өлкөдөн алып келүү коркунучу бар экенин эскертет
Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ошондой эле каза болгондор катталган жок.
«Эпидемиологиялык абалдын туруктуулугуна карабастан, Кыргызстан COVID-19ну жеңди деп айтуу эртелик кылат. Дүйнөдө пандемия бүтө элек, өлкөгө коронавирустун жаңы штаммдарын алып келүү коркунучу бар”, - деп белгиледи КР Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз