Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдыгул Чотбаев: Жаш муун Чолпонбай Түлөбердиев өңдүү ата-бабаларыбыздын эрдигинин үлгүсүндө тарбияланышы керек

Бүгүн Бишкекте баатырдын 100 жылдыгына карата расмий иш-чара өттү

Бүгүн, 13-апрелде Коргоо министрлиги, Бишкек шаардык мэриясы, Бишкек шаардык кеңеши, Туугандар фонду жана ардагерлер уюмдары Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата расмий иш-чара өткөрүштү.



Улуттук гвардиянын мурдагы командири, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Vesti.kg сайтына берген маегинде мындай иш-чаралардын өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодогу мааниси чоң экенин белгиледи.



«Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү саясий кырдаалды эске алуу менен өсүп келе жаткан муундарды ата-бабаларыбыздын эрдигинин үлгүсүндө тарбиялоо мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү», - деди Абдыгул Абдрашитович. - Менин муунум Александр Матросовдун эрдигинин үлгүсүндө тарбияланган. Кыргыз ССРинин 73 Баатырынын эрдиги эмне үчүн жабылганын билбейм. Бүгүн Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына жана эрдигинин 80 жылдыгына туш келди.



Ал эми Чотбаев ата мекендик баатырлардын эрдиктерин мисалга алып, патриоттук тарбиялоо иштери бардык жерде жана тынымсыз жүргүзүлүшү керек деп эсептейт.

-Бүгүн Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага жаштардын катышып жатканы кубандырат, - деп улантты ал. - Мектеп окуучулары жана аскердик окуу жайлардын, ошондой эле темир жол мектебинин курсанттары Түлөбердиевдин эстелигине гүл коюшту. Патриоттук, мен айтар элем, баатырдык-патриоттук тарбиялоо боюнча иш бардык жерде жана тынымсыз жургузулушу керек. Жылына бир эле жолу эмес.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх