Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Монголияда өтүүчү Азия чемпионатына акчанын жоктугунан бара албай калышты

Депутат Атазов министрлер кабинетинин биздин көрүнүктүү спортчуларыбызга жасаган мамилесине нааразы

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин олимпиадалык спортчуларга жасаган мамилесине нааразы болду.

- Эл аралык деңгээлде мамлекетибиздин даңкын чыгарган спортчуларга бул мамиле кандай? – деп эл өкүлү ачууланды. - Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана башкалар Монголияга Азия чемпионатына бара алышпайт. Каржы министрлиги каражатты өздөрү издегиле деген. Олимпиадалык көрүнүктүү спортчуларга мындай мамилени кандай түшүнсө болот?

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх