Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте “Тазалык” ишканасынын жалпы жамааты жаңы жетекчиликке бойкот жарыялашты

Нааразычылыкка чыгуунун себептери оор эмгек шарты жана айлык акынын кечиктирилиши

Бүгүн Бишкекте “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 1700 кызматкери жумушка чыгуудан баш тартты. Ишкананын жумушчуларынын нааразычылыгынын себептери – жаңы жетекчиликтин дайындалышы жана эмгек шартынын оордугу. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына муниципалдык ишкананын өзү тастыктады.

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери билдиргендей, жаңы жетекчилик өз милдеттерин аткара албай жатат.

-Ишкана карызга батып, айлыктары төлөнбөйт, форма, жабдуулардын тетиктери жок, - деп бөлүшүштү. - Азыр кыймылда турган техникалар иштебей, айдоочулар айлык албай отурушат. Ал эми кечээ бизге сырттан бизнести түшүнбөгөн, эч ким көрбөгөн, тааныбаган адамды дайындап коюшту. Топтолгон көйгөйлөрдү кантип чече алабыз? Мындай шартта иштөө мүмкүн эмес.

Михаил Готфрид

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх