Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир жумада мыйзамсыз караңгылаткан 77 айдоочуга айып салынды

Унаанын алдыңкы жана алдыңкы каптал терезелерин караңгылатууга уруксат кагаздары азырынча бериле элек

Апта ичинде республика боюнча 77 айдоочуга алдыңкы капталдары жана маңдайкы айнектери караңгылатылган унааларды башкарганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу Vesti.kgге ИИМдин ГУОБДД басма сөз кызматы билдирди.

«Унааны толук тонировкалоого уруксат бериле элек», — деп белгилешти ведомстводон. — Экономика жана соода министрлиги керектүү мыйзам алдындагы актыларды жана жоболорду кабыл ала элек.

Жалпысынан өткөн аптада 19 миң 158 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Алар:

- транспорт каражатынын айдоочулары тарабынан белгиленген ылдамдыкты ашыра аткаргандыгы үчүн - 3467;
- тиешелүү документтери жок унаа айдагандыгы үчүн - 131;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн - 7177;
- транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбагандыгы үчүн - 26;
- автобейбаштык - 4;
- жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн - 812;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусуз кайра жабдылган автоунааны айдагандыгы үчүн - 157;
- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн - 6691;
- айдоочунун мас абалында унаасын башкаргандыгы үчүн - 99;
- айып унаа токтотуучу жайга жайгаштырылган - 685.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты 14-апрелде президент Садыр Жапаров акы төлөнүүчү тонировка жөнүндө мыйзамга кол койгонун жазган. Алымдын өлчөмүн жана төлөө тартибин министрлер кабинети аныктайт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх