Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ишембиликке 13 миңден ашык адам катышты (фото)

Борбор калаанын мэриясы жазында тартипке келтирүүгө жардам берген шаардыктарга ыраазычылык билдирет

Өткөн ишембиде Бишкектин бардык аймагында жалпы шаардык ишембиликтер өткөрүлдү.

Бекитилген аймактарды тазалоого 470 мекемеден 13 миң 267 адам чыкты. Борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Фере көчөсүндөгү “Кыргызстандын 40 жылдыгы” аянтын, шаардык кызматтардын кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймактарда иретке келтиришти.

Жыйынтыгында 1033 түп бак-дарак отургузулуп, таштанды чыгарууга 25 даана атайын техника тартылган.


Урматтуу жарандар! Борбор калаанын мэриясы жазында тартипке келтирүүгө көрсөткөн жардамыңыз үчүн ыраазычылык билдирет.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх