Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты

Кошумчалай кетсек, финалда дагы бир кыргызстандык Тынар Шаршенбеков беттешет

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү сайтында маалымдалды.

77 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалда Махмудов ирандык Ареф Мозафарды 9:1 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда кыргызстандык кореялык Ким Хён Ву менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңишке жетти.

Ошол эле учурда дагы бир мекендешибиз Тынар Шаршенбеков чемпионаттын финалына чыкты. Жарым финалда өзбекстандык Исламжон Бахрамовду 13:7 эсебинде жеңип алды.

Жалпысынан Азия чемпионатында Кыргызстандын атынан 21 спортчу катышууда. Мелдештер 19-апрелден 24-апрелге чейин Улан-Батор шаарында өтөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх