Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы эмне үчүн ата мекендик өндүрүштөгү автобустарды сатып алууга болбой турганын түшүндүрдү

Ал эми «Белес» ЖЧКсы тендерге катышууга арыз бербегени белгилүү болду

Бишкек мэриясы ата мекендик өндүрүштөгү «Белес» автобустарын сатып албайт. Мындай маалымат социалдык тармактарда пайда болду.

Буга байланыштуу Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Максат Нусувалиевге кайрылды.

-Борбордун мэриясы үстүбүздөгү жылдын январь айында тендер жарыялаган,-дейт Максат Орозбекович. - Бардык дүйнөлүк бренддерге жана «Белес» ЖЧКсына мэрия 140 автобус сатып алуу ниети бар экени кабарланган. Тендерге каалаган өндүрүүчү катыша алат. «Белес» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлгөн ата мекендик өндүрүүчү тендерге катышууга арыз берген эмес. Андыктан Бишкек мэриясы жергиликтүү өндүрүштөгү автобустарды сатып ала албайт.

Анткен менен Нусувалиев борбор калаанын мэриясы ата мекендик өндүрүштү колдоого дайым даяр экенин белгиледи.

«Тендерге катышуу үчүн техникалык регламент шайкештик сертификатын талап кылат», - деп улантты ал. “Белес” автобустары Беларуста сертификат алуу үчүн сынактан өтүүдө. Ошентип, Бишкек шаарынын мэриясы ата мекендик өндүрүштү колдоого даяр.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх