Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 миллион доллар бөлөт

Долбоор 5 компонентти ишке ашырууну карайт

Бир күн мурун, 20-апрелде Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда Баткен облусунда “Экономикалык аймакты өнүктүрүүнүн экинчи долбоору” (PRER-2) боюнча 50 миллион доллар өлчөмүндөгү Каржылоо келишимине кол коюлган. Ишке ашыруу мөөнөтү 2022-жылдан 2027-жылга чейин. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов бүгүн брифинг учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, долбоордун артыкчылыктуу багыттары болуп айыл чарбасы жана шаарларды өнүктүрүү саналат.

Долбоор Баткен облусунун айыл чарба тармагындагы бардык райондорун, шаарларды өнүктүрүү багытында өсүү чекити катары Баткен, Кадамжай жана Исфана шаарларын камтыйт. Чакан гранттар программасына Баткен облусунун бардык райондору кирет.

Долбоор 5 компонентти ишке ашырууну карайт.

1-компонент муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо чараларын колдоо үчүн 24 миллион доллар берет.

2-компоненттин алкагында агроазык-түлүк кластерлерин бекемдөөгө 21 миллион доллар бөлүнөт.

3-компоненттин алкагында жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө дем берүү үчүн 2 млн доллар өлчөмүндө чакан гранттар бөлүнөт.

Дүйнөлүк банк күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана калыбына келтирүүнүн 4-компоненти үчүн каражаттарды кайра бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

5-компоненттин алкагында долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн 3 миллион доллар каралган.

Экономикалык соода министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх