Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жакында Жеңиш күнү. Бишкектик жаштар мемориалдык жерлерди тазалоодо (фото)

 Иш-чаранын негизги максаты - азыркы муун үчүн тарыхый эстутумду сактап калуу

Жеңиш күнүн майрамдоонун алдында шаардык кызматтар эстеликтер бар  жерлерде ишембилик өткөрүштү.

Алсак, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Биринчи май акимиатынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын, Бишкек шаардык аза кызматын  көрсөтүү агенттигинин, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери, №15 мектептин мугалимдери жана окуучулары, Ички иштер министрлигинин ички аскерлери "Боордоштор" көрүстөнүндө ишембилик өткөрүштү.



Катышуучулар айланасын тазалап, бак-дарактарды актап, гүлдөрдү отургузушту, ишембиликтен  кийин мектеп окуучулары мүрзөлөрдү жана мемориалдык жайларды сактоонун маанилүүлүгүн талкуулашты.



Эске салсак, Кыргызстандын ооруканаларында каза болгон Улуу Ата Мекендик согуштун 248 советтик жоокеринин сөөгү боордоштор көрүстөнүндө коюлган.

Ленин райондук Жаштар кеңеши Жаш Гвардия бульварынын тарыхый-мемориалдык аймагын иретке келтирип, Баатырлар аллеясындагы эстеликтерди тазалады.



Иш-чаранын негизги максаты - тарыхый эстеликтерди азыркы муундар үчүн сактап калуу. Маданий мурас объектилерине, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстеликтерине, госпиталдарда алган жараатынан курман болгон фронтчу жоокерлердин, ошондой эле согуштан кийинки жылдарда курман болгондордун мүрзөлөрүнө камкордук менен мамиле кылууну жогорулатуу болуп саналат.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх