Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги филармониянын айланасына жаңы жарыктар орнотулду (фото)

Лампанын бир бөлүгүн жаап турган жана ошону менен вандалдардан коргоону камсыз кылган атайын металл корпус жасадык

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанына 38 лампа орнотуу менен тышкы жарыктандыруу тармактарын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.


Азыр филармониянын аймагы бышык металлдан жасалган жаңы светодиоддук лампалар менен жарыктандырылып, үстү ысык боёк менен капталган. Атайын металл корпус жасалган, ал чырактын бир бөлүгүн жаап, ошону менен вандалдардан коргоону камсыз кылат.


Урматтуу жарандар! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp аркылуу: 0777 номерине жазып калтырсаңыз болот. 902-115.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх