Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги жүздөн ашуун кыргызстандыкты Кореяга иштөөгө жөнөттү

Жумушка орноштуруу мурда кол коюлган меморандумдун алкагында ишке ашат

Бир күн мурун Бишкекте Кыргыз Республикасынын 117 жаранын Корея Республикасына жөнөтүү боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик кыргызстандыктар Корея Республикасына жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык жумушка ээ болгонун белгиледи.

Куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кореяга кетип жаткан жарандарга ден соолук, иштерине ийгиликтерди, келген мамлекеттин мыйзамдарын сактоону жана мөөнөт аяктагандан кийин өз мекенине кайтып келүүнү каалады.

Аталган программанын алкагында 15 жылдан бери Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору иштеп, Корея Республикасынын ишканаларында Кыргыз Республикасынын жарандарын ийгиликтүү ишке орноштурууда. Меморандумдун алкагында жалпысынан 5 миңден ашык эмгек келишими келип түшкөн. Жумушка кеткендердин жалпы санынын ичинен көбү тамак-аш, химия, кагаз өнөр жайларында, пластмасса, резина, айнек буюмдарын өндүрүүдө иштешет.

Кореяда иштеген эмгек мигранттарынын орточо маянасы 1800 долларды түзөт, бул жерде жашаган жери жана тамак-ашы иш берүүчү тарабынан төлөнөт.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Корея тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бишкек-Инчхон багыты боюнча чартердик рейс уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди, бул 2022-жылдагы экинчи чартердик рейс.​

Жалпысынан жыл башынан бери жана чек аралар ачылгандан бери, ошондой эле жумушчу визалар бериле баштагандан бери бул программанын алкагында Кореяга 272 адам жөнөтүлгөн.

Келгенден кийин Кыргыз Республикасынын жарандары Корея Республикасынын аймагында кошумча карантиндик шарттардан өтүшү керек. Андан кийин алар эмгек келишиминин шарттары боюнча ишке киришет.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх