Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин БМЖКККсынын ыкчам кызматкери БЧКга чөгүп бара жаткан адамды куткарып калды (видео)

Жаран каналдын жанында турган. Эпилепсия кармап, сууга кулап кеткен

Окуя болгон жерден алыс эмес жерде жүрүшкөн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын  кызматкерлери БЧКда (Төмөнкү Ала-Арча районунда) сууга чөгүп кеткен адамды көрүшкөн. Ошол учурда офицерлердин бири дароо сууга секирип, адамдын өмүрүн саткап калууга үлгүргөн.  Дароо биринчи жардам көрсөтүлүп, бир канча убакыттан кийин жабырлануучу өзүнө келген.


Жабырлануучунун айтымында, ал БЧК каналынын жанында туруп капысынан талмасы кармап, сууга түшүп кеткен. Ал милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Адамдын өмүрүн сактап калган ИИМдин БМЖКККнын кызматкерине 2021-жылы мыкты ыкчам кызматкер наамы ыйгарылган.
Эпилепсия өнөкөт неврологиялык оору болуп саналат, кайталануучу, капыстан башталган эпилепсиялык талма менен мүнөздөлөт. Талма аң-сезимдин бузулушу менен коштолушу мүмкүн.


ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх