Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жаан-чачын күтүлөт

ӨКМ катуу шамал тууралуу эскертүү таратты

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал тууралуу эскертүү таратты.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 14-15-майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

«Мындай туруксуз аба ырайы коммуналдык жана энергетиктердин ишин кыйындатат. Малды жайлоодо кыйынчылык жаралат», - деп билдирди министрлик.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх