Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте рак илдетине чалдыккан балдардын ата-энелери митингге чыгышты

Жарандар министрлер кабинетинин имаратын көздөй жөө жүрүш жасап, Садыр Жапаров менен жолугушууну талап кылышты

Бишкекте рак илдетине чалдыккан балдардын ата-энелери митингге чыгышты. Митингге 20дай адам чогулду.

«Балдарыбыз жардамга муктаж. Биз акча чогулта албайбыз. Балдар күн сайын өлүшөт. Өкмөттөн эч кандай жардам жок. Баарын өзүбүз сатып алабыз. Өкмөткө, министрликке кайрылдык, күтө тургула деп жатышат. Бирок балдардын оорусу күтө албайт. Президент бизди угат деп ишенебиз. Биздин маселебизди андан башка эч ким чече албайт», - дешти чогулгандар.

13 жаштагы кыргызстандык келиндин апасы кызы эки жылдан бери онкологиялык ооруканада дарыланып жатканын билдирди. Кызга Түркияда жасалган операция керек. Дарылануунун баасы 80 миң долларды түзөт.

Жарандар “Садыр Нургожоевич, көйгөйүбүздү чечип бер”, “Жардам бергиле, балдар өлүп жатат”, “Балдарыбыз жардамга муктаж” деген плакаттарды кармап турушат.



Рак оорусуна чалдыккан балдардын ата-энелери Садыр Жапаровду кабыл алуу үчүн министрлер кабинетинин имаратына жөө жүрүшкө чыгышты.

Президенттин коомдук кабыл алуу бөлмөсүндө ал Москвадан келе электигин, адистер кабыл алаарын айтышты. Жарандар буга чейин саламаттыкты сактоо министри жана президенттин жубайы менен жолугуп, бирок маселе чечилбегенин белгилешти. Эми ата-энелер мамлекет башчысы менен гана жолугууну каалап жатышат.

«Бизде президент Орусиядан кайтып келгени тууралуу маалымат бар. Болбосо резиденцияга барабыз», - деди чогулгандардын бири.

Андан соң жарандарды сүйлөшүүгө алып кетишти.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх