Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Европа кинофестивалы Бишкек жана Ош шаарларында өтөт

Иш-чаранын ачылышы 21-майда Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында болот

Бишкек жана Ош шаарларында Европа киносунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Иш-чара Европа күнүн майрамдоого жана Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулууда.

Фестиваль Бишкек жана Ош шаарларында 21-майдан 4-июнга чейин өтөт. Ачылыш 21-майда саат 17.45те борбордогу «Ала-Тоо» кинотеатрында болот. Ош шаарында фестиваль 29-майда Kinobox Semetey кинотеатрында ачылат.

Ошондой эле, көрсөтүүнүн алкагында Бүткүл дүйнөлүк кино фонду 21-22-майда Бишкекте кыргызстандык жаш кинорежиссерлор жана видеооператорлор үчүн “Эл аралык биргелешкен продюсерлерге көңүл буруу: Мунун баары кызматташуу жөнүндө” деген ураандын алдында мастер-класстарды өткөрүүдө. 2009-жылдан бери "Берлинале Дүйнөлүк Кино" Фондунун командасынын мүчөсү, социолог, окутуучу Исона Адметтл өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх