Салык кызматы төрт айда 14,4 миллиард сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард 430,4 миллион сомго көп чогултулган
Салык кызматы январь-апрель айларында 14 миллиард 445,5 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 3,6 процентке, же 495,5 миллион сомго ашык аткарылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 2 млрд 430,4 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи – 120,2%).
Салык кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз