Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Астанада жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди

Эскерүү кечесине казак депуттары, жазуучу жана адабиятчылар катышты

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов Астанада өткөн «Дүйнө адабиятынын алп инсаны» аттуу кечеде эскерилди деп билдирет Vesti.kg сайтынын кабарчысы.

Казакстандын Улуттук китепканасы табарынан Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган кечеге Кыргызстандын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев, Казакстан Мажлисинин депутаты Сауытбек Абдрахманов жана башка көптөгөн жазуучу, адабиятчылар катышты.

Жээнбек Кулубаев, сүйлөгөн сөзүндө Чынгыз Айтматов менен дипломат катары чогуу иштешкенин белгиледи.

«Ал Советтер Союзунун Белгиядагы элчиси, андан кийин Кыргызстандын Белгиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенди. Аны менен чоң иш чараларда кезигип, таанышып калдык. Бирок кызматтык мамиледе болдук»,- деди ал.

Чынгыз Айтматовдун Казакстанда билим алганын, балалыгынан казак менен кыргыздын байланышын көргөнүн айткан Жээнбек Кулубаев, жазуучунун Казакстандын дагы жазуучусу экендиги жана жашоосу казак талаасында өткөндүгү тууралуу айткан сөздөрүн эске салды.

«Ошондуктан Чынгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармаларында казак элинин турмушу, темир жол, талаа, боз үйлөр жана төө кездешет. Ал ушунун баарын көрүп, сезиминде топтоп элге жеткирген”, - деди элчи.

Кулубаев Айтматовдун эки элдин маданиятын, тилин чогуу алып жүргөн инсан болгонуна токтолуп, анын кыргыз менен казак элдерине жасаган эмгеги чоң экендигин баса белгиледи.

Жээнбек Кулубаев Казакстанда дагы Айтматовдун 90-жылдыгына арналган чоң иш-чараларды уюштуруп жаткандыгы үчүн казак элине, өкмөтүнө жана Президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазычылык билдирди.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх