Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Евровидения-2018» сынагынын жеңүүчүсү, «британ Емелинин» жүргөн сарайы, Индиядагы өлүм алып келген шамал

Жер шары ордунда эле турат, адамдардын иши бүттү

Оюнчук

Израил ырчысы Нетта Барзилай  «Оюнчук» (Toy) ыры менен «Евровидения-2018» сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралук BBC билдирди.

Букмекерлер бул чыгарма биринчи орундарга ээ болот деп болжошкон.

Калыстар тобунун баасында, Бразилай 3-орун болуп калган. Бирок көрүүчүлөрдүн добушунун жыйынтыгы баарын чечип койду.

-Мага ушундай жүрүш аябай жакты. Ачык добуш берүүнүн  таасирин финалда байкадык,-дейт Орусия тараптын калыстар тобунун мүчөсү,  композитор Владимир Матецкий.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 25 жаштагы ырчы 529 упай топтогон. Экинчи орунду 436 упай менен Кипрдин өкүлү  Элени Фурейра, Fuego («От») ыры менен ээледи.  Австриялык Сезар Сэмпсон Nobody But You («Сенден башка эч ким эмес») ыры менен 342 упай топтоп, 3-орунду ээледи.

Сынактын финалы белгисиз адам сахнага чуркап чыгып, Улуу Британиянын өкүлүнөн микрофонду жулуп алгандыгына байланыштуу бир нече убакытка үзгүлтүккө учурады.

«Британия ММКлары ал адам «биз боштондук» талап кылабыз деп кыйкырганын жазып чыгышты.

Ал адам кармалды. Анда Европа өлкөлөрүнүн биринин жарандыгы бар экен. Мындан мурда ал Португалиянын Лиссабонасында болгон National Television Awards телеканалынын Voice сынагынын финалын үзгүлтүккө учураткан. Ал сынакка 26 адам катышкан.

Бул  Израилдин төртүнчү жеңиши. Бул өлкөнүн өкүлдөрү  «Евровидения» сынагында 1978, 1979 жана 1998 жылдары жеңишке жетишкен.

Өзүнө-өзү щука

Кевин Никс – бул дүйнөдө жүргөн сарайы бар жана аны айдоого күбөлүгү бар жападан жалгыз  адам. Жакында эле ал унаасын 160 км/саат ылдамдыкка чейин айдады,-дейт BBC.

Британиялык Емеля» жүргөн сарайды  щукадан алган эмес. 2015–жылы ал өзү эскирген «Фольксваген-Пассат» унаасына  13 миң фунт стерлинг ( 17 миң доллар) сарптап, жасап чыккан.

«Мен баарын куруп чыктым. Кыймылдаткыч койдум. Анан канчалык каттуу ылдамдыкта кете алаар экенине кызыктым. Бир нече мелдешке катыштым. Баардыгында  тең жеңишке жетиштим. Ылдамдыкты 80 милден  (129 км/саат) ашырып, Гиннес китебинен баштап, баардык рекорд орду койдум», - дейт Кевин Никс.

Бирок 53 жаштагы Уэльстик багбан бул менен токтоп калган  жок. Жакында ал унаасын каттатып, кызын мектепке жеткирип, дүкөнгө айдап барууда.

Азыр анын сарайына 400 аттын күчүнө барабар кыймылдаткыч коюлган жана 101 мили ( 161 км/саат) ылдамдыкта кете алаары Пендайн-Сэндзде болгон жарышта белгилүү болду.

«Мындан мыкты болушу мүмкүн эмес деген кубанычы менен бөлүштү ал.

Индиядагы чаңдуу куюн 40 адамдын өмүрүн алып кетти

Индиянын түндүк аймагында болгон чаң аралашкан куюндан жана шамалдан кыркка жакын адам көз жумду. Бул тууралуу The Times of India жазып чыкты Ошондой эле ондон ашык адам жаракат алды.

РИА Новости жергиликтүү ММКларга шилтеме жасап, катуу шамал  бак-дарактарды,  электр мамыларын кулатып, бир нече аймак жарыксыз калганын маалымдады.

Эң көп жабыр тарткан  Андхра-Прадеш, Уттар-Прадеш, Түндүк Бенгалия штаттары жана борбордук Дели аймагы болгон.

Дүйшөмбү күнү  синоптиктер Уттар-Прадеште шамал аралашкан жаандын жаңы толкуну болоорун болжошууда. Бийлик өкүлдөрү курман болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экендигин айтышууда.

Бул Индияда акыркы эки күндүн ичинде болгон үчүнчү кум аралашкан  куюн. 2-майда жаан аралашкан катуу  шамалда 120 адам көз жумса,  10-май күнү болгон ааламаттан 13 адам көз жумган.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх