Патенттерди берүү Бишкек жана Ош шаарларында электрондук форматта башталды
- жолу 197 кароо
Эки айдан соң бул системаны өлкөнүн бардык аймактарына жайылтууну убада кылышты
Патенттерди электрондук форматта берүүнү 2018-жылдын 1-августунан баштап Бишкек жана Ош шаарларында башташты. Бул тууралуу МСК пресс-кызматы билдирет.
«Патенттерди берүү эки шаарда электрондук форматта башталды», - деп билдиришти андагылар.
2018-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстандын бардык аймактарында электрондук форматтагы патенттер берилип баштайт.
Электрондук патентти берүү салык төлөөчүлөрдүн убактысын албоо максатына багытталган. Кыскасы, салык төлөөчүлөр патентти мурункудай эле тандап алышат, кагаз түрүндө же электрондук форматта.
Эске сала кетели, 2018-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин Ош жана Бишкек шаарларынын аймагында электрондук патентти берүү боюнча көчмө проект болуп өттү.
КР өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Сүрөт www