Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкектин борбору эч кандай эмгеги сиңбеген адамдардын эстелигине толуп кетти»

Маданият Министрлиги чыгаан ишмерлерге юбилейлерди өткөрүүнү жана эстелик орнотууну мыйзам чегинде жазууну сунуш кылат

Бишкекке баарына катарынан эле эстелик орнотууну токтотуш керек болчу, бүт шаарды каптап кетти. Мындай деген пикирин  Vesti.kg сайтына көз карандысыз эксперт, тарыхчы, профессор Айнура Арзыматова билдирди.

Кыргызстанда эстеликти кылган ишине карабай эле, байлыгына карап коё беришет, - дейт ал. - Эркиндик бульвары бүт эле эч нерсе кылбаган адамдардын эстелигине толуп кетти. Мисалы Жумабек Ибраимовдун элесине арналган бюст айкел турат. Ал болсо Бишкекке эки жыл мэр болгон. Эмнеси менен өзгөчөлөндү? Бул нерсеге жаңыча көз караш менен кароо керек. Айкел тургузгандан көрө мектеп, оорукана курушса болмок.

Айнура Атыгаевна ар түрдүү обьекттерге ат коюулар айран таң калтырат деп кошумчалады.

- Мурда мектепке ат беришчү, азыр болсо университеттеги кааналарга да ишмерлердин атын коюп башташты, - деп нааразы болот ал. - Жетишет, токтотуу керек.

Өз кезегинде маданиятка эмгек сиңирген ишмер Мар Байжиев ар бир нерсеге өзүнө жараша мамиле кылуу керек деп баса белгилейт.

- Тигил же бул адам айкел орнотууга татыктуулугун чече турган комиссия болушу керек, - дейт ал  Vesti.kg сайтына. - Кээ бирөөлөрдүн артында тың туугандары болушу мүмкүн, ал эми кээсинин көп эмгек кылса да артында тууганы колунан э нерсе келбеген бирөө болуп калышы мүмкүн. Юбилейлерди майрамдоо керек, бирок таптакыр эле май талкан кылып жатып алган да болбойт.

Түшүндүрө кетели, маалымат, туризм Министрлиги коомчулуктун талкуусуна «Чыгаан ишмерлердин эстеликтери жана тарыхый учурлар тууралуу» мыйзам долбоорду алып чыкты. Анда мекеме ал кишинин сыйлыгы, наамы, макамына карабастан республикалык бюджеттин эсебинен маараке өткөрүүнү тыюуну көздөйт. Эгер өткөрө турган болушса жеке каражаттарына өткөрөт.

Ошондой эле көзү өткөн мамлекеттик ишмерлерге эстелик орнотууну токтото турууну кздөйт. Маданият Министрлиги мындай норманы бюджеттен аябагандай көп чыгым сарпталып жаткандыгына байланыштуу киргизип жатат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх