Эмне үчүн «ЗиЛ» базасы европа келбетиндеги кызматкер аялды ишке алабыз деп издеп жатышат? Директордун жообу
Кыргызстандыктарды көзөмөлдөөчү кызматынын бош орунуна болгон жарыя нааразы кылды. Тоодогу лыжа тебүү базасы бул нааразычылыкка негиз жок дешет
Фейсбук колдонуучуларды «ЗиЛ» тоодон лыжа тебүү базасына жумушка чакыруу жарыясы нааразы кылды.
«Бул жарыя «ЗиЛ» тоодон лыжа тебүү базасынын сатында: www.zil.kg . Бизге ал жердеги дароо эле үч белгиден турган басынтуу жаккан жок: Расизм (бир расаны артык көрүү), сексизим (бир жынысты артык көрүү) жана эйджизм (жаш курагын чектөө)», - деп жазат фейсбук колдонуучу Нурик Кайбидин.
(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)
Vesti.kg сайты базанын жетекчилиги менен кырдаалды жеринен билүү максатында байланышка чыкты.
- Ооба, чындыгында эле бул биздин жарыя, - деп ырастады «ЗиЛ» башкы директору Акбар Разиев.
- Мен ал жерден эч кандай басынтууну көргөн жокмун. Анткени мен бир нече жыл жакынкы айылдардан жумушчуларды жалдап көрдүм. Аларды кызматка алсаң эле элдер төлөбөй калат имиш. Анткени көзөмөлдөөчүлөр келгендердин туугандары болуп калат. Бирок мен тартипти сактоого милдеттүүмүн да. Мен тууганчылыкка каршымын.
Разиев бул тууралуу ага чалышкандыгын айтты.
- Мен ал жарыя кимдир бирөөнүн укугун басынтат деп ойлобойм, - деп белгилейт ал. - Мен кааласам чолокторду ишке алам деп жазып коюшум да мүмкүн. Анан эмне чолоктор ошон үчүн мага таарынышабы?
Эльвира Алабина
Сүрөт www