Атчандар милициясы Атамбаевдин үйүн көздөй аттаныштыбы? Бишкек шаардык ИИББнын жообу (видео)
Укук коргоочулар кызмат аткаруу режиминде күчөтүү болбогондугун кабарлашты
Социалдык түйүндөрдө кыргызстандыктар атчан милиционерлердин тобу тартылган сүрөттөр менен видеолорду талкуулашууда.
Түйүндүн кээ бир колдонуучулары, укук коргоочулар Кой-Таш айылына, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө бара жатышат деп боологолошту.
Бишкек шаардык ИИББнан бул версияны четке кагышты. Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө борборубуздун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Улан Жумаков шаардык милиция штаттык режимде иштеп жаткандыгын кабарлады.
- Бул парктарда патрулдук милдетин аткарган кадимки атчан милиция, - деп түшүндүрдү ал. - Бишкек шаардык ИИББ кадимки штаттык режимде иштеп жатат.
Фото www