Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн унаага жүткөп алып келе жатышат (видео)

 

Бүгүн түн ичинде дагы эки автоунаа келет

Россияда каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү коронавирус пандемиясынан улам авиакаттамдардын токтотулганына байланыштуу унаалардын үстүнө жүктөлүп жөнөтүлүүдө.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Россиянын борбор калаасынан Жалал-Абадга биринчи унаа жөнөтүлгөнүн Vesti.kg сайтына билдирди.

- Балдар кудайга шүгүр, жетип алышты, - деп белгиледи ал. Ошондой эле, 14-апрледе да эки автоунаа жолго чыкты. Бүгүн түн ичинде алар Кыргызстанга кириши керек.

Кошматов унаалар учурда Казакстандын аймагында жүрүп баратышканын маалымдады.

Жалпысынан Москвадан 6 маркумдун сөөгү унаа менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх