УКМК ири өлчөмдө баңгизатын сатууга аракет кылган чет элдик жаранды кармады (фото)
Чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Кыргызстандын аймагында баңги затын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө чет элдик жаранды кармашты.
Алсак, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү деп табылган. Ири өлчөмдө баңги затын (жалпы салмагы 2,98 кг гашиш) сатып жаткан чет элдик жаран «Н.К.М» кармалды.
Учурда КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
УКМК басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү