Бишкекте футболчулар менен кортеждин айынан МАИ кызматкери тез жардам унаасын өткөрбөй койду (видео)
Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди
Бишкекте футболчулар менен кортеж өтүп баратканда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын инспектору сигналдары жанып турган тез жардам унаасын өткөрбөй койду.
Видео социалдык тармактарга тарап кеткен.
"Мамлекеттик Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкери кортеж айдап бараткандыктан, тез жардам унаасын сигнал чырагы менен өткөрүүнү зарыл деп эсептеген эмес", — деп жазган видеону жайгаштырган колдонуучу.
Видеонун астындагы комментарийлерде башка колдонуучулар МАИ унаалары автобусту оюнчулар менен коштоп жүргөнүн жазышкан.
Vesti.kg сайтынын редакциясы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясына кайрылып, алар келип түшкөн маалымат боюнча комментарий беришти.
"Бул видео боюнча иликтөө жүрүп жатат", - деп билдирди милиция.
Видео «black_list.kg»
Сүрөт www