Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков Next TV окуясында: УКМКнын тергөөчүлөрүн сотко бердик

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда дагы бир соттук отурум болот

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next телеканалынын иши боюнча соттук отурум болот. Бул тууралуу телеканалдын ээси, экс-президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, адвокаттар УКМКнын тергөөчүлөрүнө каршы доо арыз менен кайрылышкан.

«Алардын колдорунда нөөмөттөгү«өзүнүн» эксперттеринин экспертизасы бар, алар бизди кылмыш жасады деп айыптап жатышат. Ал эми бизде эл аралык таанылган жана абройлуу эксперттердин тажрыйбасы бар. Бирок, тилекке каршы, УКМК бул тыянактарды тааныбайт жана кылмыш ишине тиркебей жатат [...] Биз сотко беребиз, күрөшөбүз, каршылык көрсөтөбүз жана күнөөсүз экенибизди далилдейбиз», — деп жазган Жээнбеков Facebook баракчасына.

Эске салсак, ушул жылдын 3-мартында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Next телеканалына «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Буга Instagram тармагында Казакстандын УКМКсынын мурдагы жетекчиси Альнур Мусаевдин билдирүүсүнө таянып Кыргызстан менен Тажикстан Украинага өз аскерлерин жөнөтүүгө даяр имиш деген жарыясы себеп болгон.

Телеканалдын журналисттерин суракка чакыруу уланып, Next телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев үстүбүздөгү жылдын 3-июлуна чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх