Ноокат районунда 4 жашар бала бакчанын терезесинен кулап кетти
Бактыга жараша баланы өтүп бара жаткан адам кармап алган
Ноокат районунда 4 жаштагы наристе бала бакчанын терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, окуя бир күн мурун Мирмахмудов көчөсүндө жайгашкан «Саламат» бала бакчасында болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү тургун баласын мектепке чейинки билим берүү мекемесине биринчи жолу алып келип, директорго өткөрүп бергени белгилүү болду.
Түшкө жакын жолдон өтүп бараткандар имараттын экинчи кабатында асынып турган баланы байкашкан. Ал жерден 67 жаштагы киши өтүп бара жатып, кулап бараткан баланы кармап калган.
Аталган факты маалыматты каттоо журналына катталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бирок апасы андан баш тарткан, ошондой эле бала бакчага болгон дооматтары жок экенин айткан .
Сүрөт www