Москвада туугандары тарабынан кордолгон кыз социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө
Ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн адистери Москвадан кайтып келген кызды жакындарынан катаал мамилеге кабылган кызды жеке коргоо боюнча иш планын түзүштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул план Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиянын социалдык кызматкерлердин катышуусунда өткөн жыйынында талкууланды. Баланын ата-энесине кызын тарбиялоодо алардын милдеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Министрликтин маалыматы боюнча, учурда баланын психикалык жана физикалык абалы туруктуу, кыз социалдык кызматкерлердин такай көзөмөлүндө.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты Москвада туугандары 11 жаштагы кыргызстандык кызды сабап, ата-энеси балдарын багууга өткөрүп бергенин жазган. Коомчулуктун нааразычылыгынан кийин кыз Кыргызстанга кайтарылган.
Сүрөт www