Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биздин чемпион! Кыргызстандык Азамат Асанов Мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын утуп алды

Мелдеш Якутск шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн спортчулар чогулду

Якутск шаарында 40тан ашык өлкөнүн спортчулары катышкан мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Кыргызстандык Азамат Асанов жеңишке жетип, мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпиону аталды. Мелдештин биринчи күнүндө Асановго пакистандык спортчу Мумаммад Саад каршы чыкты.

Финалда дагы бир кыргызстандык Атайбек уулу Келдибек якутиялык Дмитрий Попов менен кез келди. Бирок жеңиш мекендешибиз тарапта болгон жок.

Ал ортодо спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын орун басары Аскаралы Мадамидов Кыргызстандын командасынын оюнуна жогору баа берди. Анын айтымында, Асанов мыкты даярданган жана чемпионатта өзүн ийгиликтүү көрсөткөн.

«Биздин чемпион Азамат Асанов жакшы даярданды», — деди Мадамидов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Аларга Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарына даярдансын деп каржылык каражат бөлдүк. Ал жерде бүт команда, машыктыруучулар жана спарринг өнөктөштөр болгон. Бул сынактарга эң мыктыларды жөнөтөбүз. Бул спорт дүйнө жүзүндө өнүгүп жатат, атаандаштык катуу. Финалга чыгып, алтын утуп алуу чоң жумуш. Алар биздин үмүтүбүздү актады.

Мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионаты Якутск шаарында 27-июнга чейин өтөт.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх