Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда 16 жаштагы кызды зордуктап, кафенин жанына таштап кеткен

Тартип сакчылары Балдар кодексине таянып, окуянын чоо-жайын айтышпайт

Ош облусунун Ноокат районунда эркек киши 16 жаштагы кызды зордуктап салган. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, бул факт 23-июнда катталган. Кыздын атасы 24-июнда арыз жазып, зордуктаганга чара көрүүнү суранган. Ошол эле учурда милиция жашы жете электерге байланыштуу кандайдыр бир маалыматты коомчулукка жарыялоого тыюу салынган Балдар кодексине таянып, окуянын чоо-жайын ачыктаган жок.

«Кыздын үстүнөн экспертиза жүргүзүлдү», — деп билдирди ШИИБ. - Бирок, тилекке каршы, биз кененирээк маалымат бере албайбыз, анткени бул Балдар кодексинин 94-беренесине каршы келет.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх