Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемин районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Милициянын айтымында, аял үй-бүлөлүк чырдын негизинде күйөөсүн бычактап өлтүргөн

Бир күн мурун, 27-июнда Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-иликтөө тобу 1984-жылы туулган Н.А.нын жансыз денесин зомбулук менен өлтүрүүнүн белгилери менен табышкан.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) менен КЖБРге катталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, өлтүрүлгөн 1982-жылы туулган А.С.нын аялы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш жубайлардын ортосундагы чырдан улам келип чыккан, анын кесепетинен күйөөсүн бычак менен сайып салган.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх