Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө аскер кызматкери кокусунан өзүн атып алды

Белгиленгендей, куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында жоокер кокусунан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерде каза болгон

Бүгүн, 4-июль күнү саат 02.00дөр чамасында 73809 аскер бөлүгүнүн чакырылуучусу катардагы жоокер Ж.Э. (2000-ж.т., Түп РБКнын аскер кызматчысы) постто кароолчу болуп иштеп жүрүп, куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон.

Курамына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги, 02625-аскер бөлүгүнүн жана 73809-аскер бөлүгүнүн командачылыгы, ошондой эле Аскер прокуратурасынын кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБнин адистери кирген комиссия түзүлдү. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн окуя болгон жерде иштеп жатат.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх