Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалган сигнал. Россия Федерациясынын жана Кытайдын Бишкектеги элчиликтеринен жардыруучу заттар табылган жок

Саперлор жана кинологдор дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн имараттарын кылдаттык менен текшеришти

Бишкектеги Орусия жана Кытайдын элчиликтеринин аймактарында жардыруучу заттар бар деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Орусия менен Кытайдын элчиликтерине бомба коюлгандыгы тууралуу башкаруу пультуна билдирүүлөр түшкөндөн кийин ал жерге саперлор жана кинологдор жөнөп кетишти», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. -Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында Россия Федерациясынын жана Кытайдын элчиликтеринен эч кандай жардыргыч заттар жана түзүлүштөр табылган жок. Маалыматка караганда, фактылар Биринчи Май жана Ленин райондорунун ЖУИде катталган. Чоо-жайы кийинчерээк берилет.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх