Ысык-Көлдө кырсыктан эки адам каза болду (видео)
Айдоочу жана үчүнчү жүргүнчү реанимацияда
Ысык-Көлдө кырсык катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.
- Кырсык жолдун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосундагы тилкеде болгон, - деп билдирди басма сөз кызматы. Opel Zafiraнын айдоочусу Кара-Балта шаарынын тургуну рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада унаа оодарылып кеткен. 1982 жана 1966-жылы туулган эки жүргүнчү ошол жерден каза болгон. Айдоочу жана 21 жаштагы үчүнчү жүргүнчү Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кырсык Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Михаил Готфрид
Сүрөт www