Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар "Азия балдары" эл аралык спорт оюндарында күмүш жана коло медалдарды багындырды (фото)

Буга чейин Кыргыз Республикасынын курама командасынын эсебинде төрт медаль бар

Владивостокто өткөн “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарында кыргызстандыктар күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Оюндардын сайтында спортчулардын жеңиштери тууралуу маалымат пайда болду.



«Таэквондо боюнча мелдеште Нурхан Самидинов күмүш, Аятулло Алтынбеков коло медалга ээ болушту», — деп жазат портал. -Алтынбеков дагы самбо боюнча коло медаль алды. Кыргызстандык аткыч Имандос Бектенов ок атуу боюнча үчүнчү орунду алды».

Эске салсак, “Азия балдары” эл аралык спорт оюндары төрт жылда бир өткөрүлөт. 2022-жылы 12 өлкөдөн келген катышуучулар спорттун 19 түрү боюнча 273 комплект сыйлыктар үчүн ат салышат.


Мелдеш 8-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх