Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тышкы иштер министрлиги Москвада эки кыргызстандык каза болгон кайгылуу окуя боюнча комментарий берди

Өндүрүш учурунда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Тышкы иштер министрлиги Москванын Люблино районундагы каргашалуу окуя боюнча түшүндүрмө берди, анда эки кыргызстандык жаранды жумуш учурунда, канализацияны коллекторун суу каптап каза болушкан.

«Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москвадагы оперативдүү штабынын маалыматы боюнча, оңдоо иштери жүрүп жатканда канализациялык коллекторду нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен суу каптап, үч жумушчуну суулар агызып кеткен», - деп министрлик окуянын чоо-жайын түшүндүрдү. - Кырсыктын кесепетинен такталган маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болду. Каза болгондордун өздүгү такталды. Иш учурунда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча Россия Федерациясынын Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Тергөө комитетинин Люблин райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин юристи жөнөп кетти. Ошондой эле каза болгондордун жакындарын аныктоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Бул маселе дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө”.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх