Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунда сегиз жаштагы бала октон жаракат алды

Кызматтык милдетин аткарып жаткан жоокер тарабынан эрксизден ок атылган

Баткен районунда сегиз жаштагы бала октон жаракат алды. Окуя тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Чек ара отряды Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөгөн», - деп айтылат министрликтин маалыматында. – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн уставынын талаптарын бузуу менен катардагы жоокер эрксизден ок чыгарып, натыйжада 2014-жылы туулган бала октон жаракат алган. Жабыркаган өспүрүм дароо Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилди. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат”.

УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх