Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте курал колдонуу менен беттеш өттү (видео)

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын борбор калаанын ички иштер башкармалыгы тастыктады

Социалдык тармактарда Бишкекте ок атуучу курал колдонулган жаңжалдын видеосу тарады. Бул окуя болгонун жана бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын Vesti.kg сайтына борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

«Бишкек ШИИБдин 102-бөлүмүнө Карманская көчөсүндө белгисиз адам октон жараат алганы тууралуу телефон чалышкан», - деп айтылат маалыматта. - Окуя болгон жерге Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-5 тергөө тобу жөнөп кетти. Аталган жерди кароодо белгисиз маркадагы тапанча, 1 даана гильза  табылган. Ошондой эле, No4 шаардык клиникалык оорукананын алдын ала маалымкатына ылайык, 1984-жылы туулган жаран оң жамбашынын октон жарааты ачык сынган жана жылып кеткен деген диагноз менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факты боюнча Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 280-берененин «Бейбаштык» боюнча алдын ала квалификациялуу кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары башталды.

Михаил Готфрид
Фото www
Видео Telegram

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх