Таласта 14 жаштагы кыз токойдо жоголуп кетти
Анын телефону Талас дарыясынын жээгинен табылган
Таласта 14 жаштагы кыз токойдо жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
«Дайынсыз жоголгон өспүрүм тууралуу маалымат 112 телефонуна кечээ түнү келип түшкөн», - деп билдиришти башкармалыктан. -Туугандарынын айтымында, кыз Манас районунун Бала-Саруу токоюнда жоголуп кеткен. Издөө иштерине беш куткаруучу тартылган. Өспүрүмдүн телефону Талас дарыясынын жээгинен табылган. Баланы издөө иштери уланууда.
ӨКМ басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз