Кара-Көл шаарында жол кырсыгынан 16 жаштагы эки өспүрүм каза болду
Кырсыктан беш адам жабыркады, кырсыктан жабыркагандардын абалы оор
Кара-Көл шаарында жол кырсыгынан 16 жаштагы эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Бишкек-Ош жолунун 390-чакырымында Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгинде токтоп турган чиркегичти сүзгөн.
Кырсыктан беш адам жабыркаган. Куткаруучулар келгенге чейин төрт адам "Тез жардам" кызматы менен Каракөл шаардык ооруканасына, кысылып калган бир адам кийинчерээк куткаруучулар тарабынан ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын абалы оор.
Эки өспүрүм – К.М. жана К.Э. (экөө тең 2006-жылы туулган) каза болгон.
Окуяга Кара-Көл шаардык No94 Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
ӨКМ басма сөз кызматы
Сүрөт www