Чүй облусунда мас айдоочунун катышуусунда жол кырсыгы катталды
Жол кырсыгынан жабыркагандар ооруканага жеткирилди
Бүгүн, 25-августта Чүй районунун Шалта айылында мас айдоочунун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМ ГУОБДД билдирди.
Анын айтымында, Тойота Ист үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусунун колу сынып, денеси көгала тактар менен ооруканага түшкөн. Жабырлануучу унаа менен ооруканага жеткирилген.
Кырсыктын экинчи катышуучусу, Опел-Вектранын 48 жаштагы айдоочусу бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал мас абалында болгону айтылууда.
Эки унаа тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз