Кочкор-Атада күйөөсү аялын кафенин короосунда өлтүрдү (фото)
Жабырлануучунун денесинде бычактан алынган 17 жаракат болгон
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында күйөөсү аялын кафенин короосунда өлтүрдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
- 26-августтан 27-августка караган түнү шаардык кафелердин биринин короосунан зомбулуктан каза болгон болжол менен 25-30дар чамасындагы аялдын жансыз денеси табылды, - деп билдиришти милициядан. – Бул факты боюнча 122-берене “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон. Каза болгон жарандын өздүгү такталып, ал 24 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыкты. Анын денесинде 17 бычактан жараат алынган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө адам өлтүрүүгө шектелип кыздын мурдагы күйөөсү, 1989-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалган. Ал ИВСга жайгаштырылды. Тергөө иштери уланууда.
Михаил Готфрид
Сүрөт Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы