Атасы уулун өлтүрүп, сөөгүн үйүнүн короосуна көмүп салган (фото)
Ал кишинин жубайы мурда дайынсыз жоголгонун билдирген. Ысык-Ата районунун милициясы издөөдө жүргөн жаран ата-энесине барганы аныкталган
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын ортосунда Ысык-Ата РИИБге жаран Ж.Э кайрылып, күйөөсү 1987-жылы туулган И.Рды издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. 8-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон .
Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жана Чүй облусунун ИИБнын тергөөчүлөрү, ошондой эле Ысык-Ата районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан жаран И.Р. Ысык-Ата районунан чыкпай, Чоң-Далы айылына ата-энесине кеткен. Ошентип, милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон адамдын изине түшүп, кошумча издөө иштеринин жүрүшүндө жаран И.Р. ата-энесинин үйүнүн короосунан жерге көмүлгөн бойдон табылган.
Көрүлгөн чаралар кылмышты жасаган адамдын өздүгү такталды. Анда дайынсыз жоголгон жарандын атасы И.А болуп чыкты. 1963-жылы туулган жана кармалган ИВСке жайгаштырылган.
Ошентип, тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмыш үй-бүлөлүк чыр-чатактын жана өз ара мушташуунун негизинде жасалганы аныкталган.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www