Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги сот имаратынын жанында журналист Болот Темировду колдоо митинги өттү (видео)

Соттук отурум дагы жылдырылды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун имаратынын жанында журналист Болот Темировду колдоо митинги өттү. Бүгүн сот өкүм чыгарышы керек болчу. Митингчилер Темировдун акталышын суранышууда.

Буга чейин журналист өзү социалдык тармакка мамлекеттик айыптоочу аны 5 жылга эркинен ажыратууну суранып жатканын жазган.

Соттук отурум 28-сентябрга жылдырылды.

Эске салсак, журналист Болот Темировго үч кылмыш иши козголгон. Ал маңзат сактоо, документтерди жасалмалоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелүүдө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх