Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ: Массалык уулануудан жабыркаган кыргызстандыктар Санкт-Петербургга Лахта борборуна иштөө үчүн келишкен

ТИМ окуя боюнча комментарий берди

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы элчилигинин маалыматына ылайык, массалык уулануудан жабыркаган кыргызстандыктар шаарга Лахта борборундагы курулуш иштерин жүргүзүү үчүн келишкен. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Прайдекс» ЖЧКсынын атынан россиялык иш берүүчүлөр Кыргызстандын жарандарын жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылышты», — деп айтылат министрликтин маалыматында. -Учурда биздин жарандар С.П.Боткин атындагы клиникалык инфекциялык ооруканада.  Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзордон суунун жана тамак-аштын үлгүлөрү алынган. Элчиликтин кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышат”.

Эске салсак, 27 кыргызстандык ичеги-карын инфекциясына байланыштуу даттануу менен Санкт-Петербургдагы ооруканага жаткырылган.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх