УКМК: жасалма доллардын партиясын сатууга аракет кылгандар кармалды (фото)
Жасалма акча жасоочулар криптовалютаны алууга аракет кылышкан
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанга жасалма доллар алып келүүчү каналды токтотту. 10-октябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жарандары А.С.А. жана С.У.С кармалган. Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында А.С.А. жана С.У.С. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү