Бишкекте маршруттук такси толуп калгандыктан бала терезеден белине чейин чыгууга аргасыз болду (фото)
Шаардык мэриянын Транспорт департаменти айдоочуга мындан ары мындай жагдайларга жол бербөөнү эскертти
Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде кичи автобустун толуп кеткенинен улам терезеден белине чейин чыккан баланын сүрөтү кызуу талкууланууда.
Vesti.kg сайтынын редакциясы Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт башкармалыгынын басма сөз кызматынан комментарий алуу үчүн кайрылды.
«Бул сүрөт социалдык тармактарга жарыялангандан кийин Транспорт департаменти «Ак жолтой» ААКнын No169 кичи автобусунун айдоочусун аныктоо иштерин баштады», - деп жооп берди ведомство. - Коомдук транспортту текшерүү бөлүмүнө сүйлөшүү үчүн чакырылган Т.Бекболотов болуп чыкты. Аталган башкармалыктын адистери тарабынан коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдү тейлөө эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары мындай жагдайларга жол бербөө эскертилди.
Ислам Жолдошов
сүрөт www